Чүй облусунун аймагында “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Бажы кызматынын кызматтык-издөөчү иттеринин жардамы менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282 – (Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам маалыматтарга ылайык Чүй облусунун Чүй районундагы “Сосновка” постунан «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаада баңгизаттарды ташып бара жаткан жүргүнчү токтотулган.

WhatsApp Image 2022 02 01 at 09.10.07 Чүй облусунун аймагында “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды


Аталган унаага тинтүү жүргүзүү учурунда өзгөчө жыты бар, кочкул күрөң түстөгү зат табылып алынган. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат 1 кг 5 гр. салмактагы «гашиш» баңги каражаты болуп аныкталган.
Кармалган жаран 1974-ж.т., К.К. аттуу Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургуну болгондугу аныкталган.

WhatsApp Image 2022 02 01 at 09.10.07 1 Чүй облусунун аймагында “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды


Азыркы учурда аталган жаран тергөө изоляторуна киргизилип, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 02 01 at 09.10.06 Чүй облусунун аймагында “гашиш” баңгизатын ташыган аял кармалды

ИИМдин Басма сөз кызматы