Чүйдө бир жумада 3 миң 618 жол эрежесин бузуу катталды

Ушул жылдын 24-январынан тартып, 30-январга чейинки аралыкта Чүй облусунун аймагында 3 миң 618 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен мас абалында 52 айдоочу рулга отурган; 1 миң 256 айдоочу автоунаанын жогорку ылдамдыкта башкарган; 36 айдоочунун жанында тиешелүү документи жок болгон.

Белгилей кетсек, 132 автоунаа айып короосуна киргизилген