Болот Темиров: Ташиев жөнүндө эмес, башка дагы иликтөөлөрдү чыгарганбыз

Журналист Болот Темиров камактан чыкты. Бишкектин Свердлов райондук сотунун алдынан аны журналисттер жана активисттер, укук коргоочулар тосуп алышты.

Темиров өзүнүн кармалышын журналисттик иликтөөсүнө байланыштырды.

«Кармалганымды журналисттик иликтөө менен байланыштырам. Кеңседен чыгарылып кеткен компьютерлер тергөө аяктаганга чейин кайтарылбайт. Биздин кызматкерлердин артынан 3-4 айдан бери аңдып жүрүшкөн. Декабрь айынын башында өз үйүмдөн видео көзөмөл тапкам.

Аны атайын эксперттер иликтеп жатат. Себеби укук коргоо органдарына ишенбейбиз. Биз бир гана Ташиев жөнүндө эмес, башка дагы иликтөөлөрдү чыгарганбыз. Ишти экиге бөлүп салды. Төкмө акын Болот Назаров 2 берене менен айыпталып жатат. Ал эми мага 1 берене боюнча кылмыш иши ачылды. Эң негизгиси «ак ийилет, бирок сынбайт» деп айткым келет»,-деди Темиров.

Эске салсак, кечээ, 22-январда журналист Болот Темиров ба4гизат менен кармалган.