«Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушуна каршы болгондор митингге чыгышты

 21-январда Бишкектеги Ак үйдүн алдына «Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушуна каршы болгондор нааразычылык акциясына чыгышты.

Кой-Таш айылынын тургуну Зулайка Эргешова төмөндөгүлөргө токтолду.

«Биз бүгүн»Ысык-Көл» мейманканасынын бузулушуна каршы пикирибизди билдирип чыктык. Аталган имаратты салууда кыйын архитекторлор иштеп, эң мыкты курулуш материалдар колдонулган.

Президенттик башкармалык имаратты архитектуралык эстеликтин катарынан чыгарганы вандализмге тете. 2020-жылы пандемия убагында орун жок Канттагы «Ганси» базасы обсервация болду.

Мейманкананы оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, оорукана кылса деле болот»,-деди Зулайка Эргешова.

Эске салсак, 2021-жылдын 24-декабрында Бишкектин түштүк бөлүгүндө, мамлекеттик резиденцияга жакын жайгашкан «Ысык-Көл» мейманканасын бузуу иштери башталган.