Курманкул Зулушев ар түрдүү талаптар боюнча кайрылган жарандарды кабыл алды

Бүгүн, 20-январда КР башкы прокурору Курманкул Зулушев соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууга жана тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата ошондой эле ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган жарандарды кабыл алды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир жарандын кайрылуусун кылдаттык менен карап чыгуу максатында жыйынга Башкы прокуратуранын жетекчилиги, башкармалыктардын башчылары катышты.

Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.