Адахан Мадумаров эмне үчүн камалышы мүмкүн?

«Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага бир нече жолу суракка чакырылып, кыргыз-тажик чек ара чыры боюнча көрсөтмөлөрдү берип чыкты. Бул иштер дагы да уланып, териштирилери айтылууда.

Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы 5 гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Аталган жер Баткен облусунун, Көк-Таш айылынын Төрт-Көчө участогунда жайгашкан. Бул аймак аркылуу Баткен-Исфана жана Ворух анклавына алып барчу жолдор кесилишет.

49let arenda Адахан Мадумаров эмне үчүн камалышы мүмкүн?

Жолду оңдоо иштери башталып Көк-Таш аймагына жеткенде, тажик тарап менен аталган аймак боюнча талаш чыгып, натыйжада Мадумаров айтылып жаткан протоколго кол коюп берген. Эки эл ортосундагы талаш жерди ижарага алуу боюнча протоколго кол койгону, ошол жердин тажик тараптыкы экендигин таанып койгону деп айыпталууда.

Ал эми Мадумаров эки жыл мурун “Азаттык” маалымат порталынын “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө дал ошол документке кол коюлуп, макулдашылгандыктан азыркы күндө Сүлүктүдөн чыккан автоунаалар тоскоолдуксуз Бишкекке өтүп калганын айткан.

Ош-Баткен-Исфана жолунун айрым аймактары Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы талаш жерлерден өтөт. Бул жол Ак-Сай (Исфара) дарыясынын жээгинде жайгашкан Ворухка алып барчу жолду кесип өтөрү белгилүү. Дал ошол жол аркылуу кыргызстандыктар Баткен жана Лейлек райондоруна өтүп келишет.

Документте көрсөтүлгөн 49 жылдын 13 жылы артта калгандыктан, эми 36 жылдан кийин бул маанилүү Төрт-Көчөнү ижарага ылайык кайтарып бериш керек болот деп айтылууда.

karta tort kocho Адахан Мадумаров эмне үчүн камалышы мүмкүн?

Кымындай көчөлөрдүн кесилишин жоготуп алуу менен, Кыргызстандын бир облусунун чоң бөлүгү анклав болуп калуу коркунучунда турат. Баткен облусунун аймагынын басымдуу бөлүгүн тоолор ээлеп тургандыктан, жашоочулар суунун жетишпестигинен жабыр тартып келишет.

Төмөндөгү картада Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайы көрсөтүлгөн. Өткөн жылдын жазында дал ушул аймакта ондогон кыргыз жарандарынын өмүрүн алган чуу чыккан. Көрсөтүлгөн бул суу бөлүштүрүүчү жай аркылуу Төрткүл суу сактагычы толтурулуп, бүтүндөй  Баткен районун камсыздайт. Жогоруда көрсөтүлгөн көпүрөдөн дээрлик 3.5 чакырым алыстыкта жайгашкан.

karta doroga v voruh Адахан Мадумаров эмне үчүн камалышы мүмкүн?

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев бул маселе боюнча өз оюн билдирди. Анын айтымында Адахан Мадумаров жоопкерчиликти сезиши керек болчу.

ttkk Адахан Мадумаров эмне үчүн камалышы мүмкүн?

“Ал бул документке Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезинде кол койгон, бул президенттин алдындагы кызмат. Ал акылдуу, билимдүү адам, журналист болуп да иштеген. Мындай протоколго кол коюуга болбой турганын билген эмеспи, ал эмне оюнчук ойноп жатты беле ошол кезде?

Азыркыдай актанганы болбойт, эмне үчүн анда Жогорку Кеңешке ратификацияга берген эмес? Кимдир бирөөнүн буйругун аткарганбы түшүнүксүз болуп жатат. ЖКга алып келип эмне үчүн кол койгонун түшүндүрүп бериши керек болчу. Тажиктер биздин талаптардан баш тарта ала турган себеп болуп калды. Эми аларга далилдеп көр”, – деп Токтогул Какчекеев айтты.

Бул протокол боюнча маселени Минсктеги эл аралык сот аркылуу гана чечүүгө мүмкүн экенин кошумчалады.

“Протокол эки тарап аркылуу ишке кирген, эгер биз аны бир тараптуу жокко чыгарып салсак келечекте бул аймактарды кантип алабыз? Ал жерде Тажикстандын миңдеген жарандары жашап жатат. Алардын үйлөрүн сүздүрүп сала албайбыз да. Же болбосо, эки жактын макулдашуусу менен Мадумаровдун колун мыйзамсыз деп таап, кызматтык абалынан ашыра пайдаланганы үчүн соттош керек”, – деп Какчекеев белгиледи.

Эске салсак, Садыр Жапаров өткөн жылдын 23-октябрындагы маалымат жыйынында Тажикстан менен чек ара маселесин тактоо кыйын болуп жатканын айткан. Буга Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы болгон Адахан Мадумаров кол койгон протокол тоскоол болуп жатканын билдирген.

Өлкө башчы мындай документ ЖКнын ратификациясынан өтпөгөнүн жана президент тарабынан кол коюлбаганын белгилеп, беш метр жер да тажиктерге берилбейт деп белгилеп, шайлоого аз калганы үчүн Мадумаровду убактылуу, кармабай турушарын айткан.