Эдиль Байсалов менен Дастан Бекешов кайым айтышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин 19-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешовдун сынына жооп берди.

«“Урматтуу Дастан Далабаевич биз сиз айткан маселелерди толук билебиз. Сөз эмес, иш жүзүндө чечип жатабыз. Дастан Далабаевич жаңы өкмөткө, жаңы министрге убакыт бериңиз. Көйгөлөр сиз айткандан жүз эсе начар. Биз маселелерди жакынкы убакта чечип, жыйынтынын көрсөтөбүз. Сиз 10 жыл ушул жерде башкаруучу партияда кол чаап отурдуңуз. Биз 2-3 жылда бул маселелерди чечебиз.

Буга чейин көп ураан айтылган, баяндамалар жасалган, «40 кадам» жана башка программалар болгон. Бирок биз азыр болсо баарыбыз өнүккөн өлкөлөрдү тим эле коелу, жаныбызда мамлекеттердин алда канча алдыга кеткенин байкап отурабыз. Жогоруда айтылган проблемаларды биз билебиз, баарыбыз аны чечип жатабыз. Сөз эмес, иш жүзүндө чечип жатабыз. Дастан Далабаевич жаңы өкмөткө, жаңы министрге убакыт бериңиз. Көйгөлөр сиз айткандан жүз эсе начар. Биз маселелерди жакынкы убакта чечип, жыйынтынын көрсөтөбүз».