Бишкекте 16 мектепте окуу аралыктан улантылат

Билим берүү мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандар аныкталды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Билим берүү мекемелеринде коронавирус инфекциясынын учурлары аныкталган, ошондуктан Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун буйругуна ылайык, 13 мектеп онлайн окутууга өткөрүлдү.

Алар: №26, №88, №62, No 60, № 73, № 12, № 4, № 38, № 67, № 11, № 29, № 18, № 6 мектептер. Жана ошондой эле № 135 мектепке чейинки билим берүү мекемеси жабылса, ал эми № 144 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тайпа жабылат.

Соңку бир күн ичинде Кыргызстанда коронавирус дагы 820 адамдан аныкталып, үч киши каза болду. Ооругандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарынын тургундары.