Жогорку Кеңештин алдында Казакстандагы кырдаал боюнча нааразылык акциясы өтүүдө

Бүгүн, 6-январь күнү Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында Казакстанда болуп жаткан окуяга байланыштуу нааразылык акциясы өтүүдө. Буга чейин Кыргызстан да, Орусия, Беларусь жана Армения өлкөлөрүндөй Казакстанга өз аскерлерин жиберип, тынчтыкты орнотууга даяр экендиги айтылган.

Бүгүн саат 14:00дө парламент кыргыз аскерлерин коңшу өлкөгө жөнөтөр-жөнөтпөсү чечилиши керек. Мындай чечим кабыл алынышы үчүн, 60 депутат макулдугун бериши керек.

Жарандык коомдун активисттери чогулуп мындай нааразылыктарын айтууда:
“Парламент ачык жыйын өткөрсүн, биз алардын кандай талкуу кылып жатканын билгибиз келет. Жок дегенде, биздин арабыздан эки-үч өкүл жыйынга киргизилсин. Эгер бул чечим кабыл алынып калса, казактарга да, кыргыздарга да зыяны тийип калышы мүмкүн”.