Каза болгон «Тазалыктын» кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом берилет

Мэрия унаа сүзүп каза болгон «Тазалыктын» кызматкеринин үй-бүлөсүнө 50 миң сом берет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, мэр Айбек Жунушалиев “Тазалык” ишканасынын жумушчусу каза болгон жерге барып, дем алыш күндөрү борбордук көчөлөрдү тазалоого жумушчуларды болушунча азыраак чыгарып, атайын техниканы көбүрөөк тартуу жана көчө тазалоо учурунда жолдорго атайын белгилерди коюп иштөө керектигин эскертип, жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасын берген.

«Каза болгон жумушчунун үй-бүлөсүнө резерв фондунан 50 миң сом берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн Шабдан баатыр көчөсүн тазалап жаткан “Тазалыктын” жумушчусун унаа сүзүп, кырсык болгон жерден көз жумду.