Прокурорго бериле турган кенемте азайды

Президент Садыр Жапаров 24-июлда «Прокуратура жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу документке кол койду.

Ага ылайык, прокуратура кызматкерлери иш милдеттерин аткарып жүрүп каза тапкан же майып болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө бериле турган кенемтенин көлөмү азайтылды.

Прокурор жана тергөөчү өз кызматтык милдеттерин аткарып жатып, курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча жыйырма орточо айлык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт. Курман болгондун үй-бүлөсүнө кызматкер курман болгон учурда орун алган шарттарда жана негиздерде бардык шарты бар турак жай алуу укугу сакталат.

Прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда майыптык алып калса, бир жолку камсыздандыруу суммасы төлөнөт:

I топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча он орточо айлык эмгек акы;

II топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча сегиз орточо айлык эмгек акы;

III топтогу майыпка – акыркы кызмат орду боюнча беш орточо айлык эмгек акы.