ИИМ тарабынан 11 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизаттары алынган

Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары тарабынан, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий маалыматтары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө 1206 кылмыш жана жорук катталган.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 12.10.34 ИИМ тарабынан 11 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизаттары алынган


Тактап айтканда, ыкчам-тергөө аракетердин негизинде мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тонна 605 кг 059 гр баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган., анын ичинен: апийим – 20 кг 036 гр, героин – 6 кг 131 гр, гашиш – 217 кг 135 гр, марихуана – 290 кг 556 гр, кара куурай – 326 кг 982 гр, прекурсорлор – 2 тонна 469 кг 460 гр., психотроптук заттар – 11 кг 055 гр., фармацептикалык дарылар – 21 гр, апийимдин магы – 66 гр., башка баңгизаттар – 236 кг 506 гр.

5dd7b238 d589 45d1 a445 c94b0c8f68ac ИИМ тарабынан 11 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизаттары алынган


2021-жылдын 11 ай ичинде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген 13 чет мамлекеттик жарандар кармалып (Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы – 4, Россия Федерациясы-3, Пакистан Ислам Республикасы – 1, Америка Кошмо Штаттары – 1), алардан жалпы 670 кг ар кандай баңгизаттар аныкталып, алынган.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 12.10.33 ИИМ тарабынан 11 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизаттары алынган


Мындан сырткары, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы эл аралык уюмдар (БУУ БКБ, ЖККУ, ШКУ, ЕБ, ЕККУ, ЦАРИКЦ ж.б.) менен тынымсыз өз ара аракеттенип, ошондой эле Россия, Өзбекстан, Таджикстан, Казахстан, жана башка жакынкы коншулаш чет мамлекеттердин Ички иштер министрлиги менен бул багыттагы эки тараптуу кызматташтыкты бекемдеп келет.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы – Кыргызстанда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жалгыз кызмат болуп саналат.

WhatsApp Image 2021 12 28 at 12.10.34 1 ИИМ тарабынан 11 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3,5 тоннадан ашык баңгизаттары алынган


Дал ушул, БМЖККК кызматкерлеринин эмгегинин аркасында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөштү уюштуруу боюнча ар кандай иш чаралар көрүлүп, баңгичиликтин алдын алуу багытында иштер жүргүзүлүүдө.
Урматтуу жарандар! Сизге белгилүү болгон баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары жөнүндө маалымат (сатуу пункттары; аларды сатууга катышкан жактар; баңги заттары тууралуу маалымат жайгаштырылган интернет-ресурстар) болсо, ИИМдин БМЖКККнын Нөөмөт бөлүмүнө билдирсеңиздер болот тел.: (0312) 66-02-44.

ИИМдин Басма-сөз кызматы