Кырманда 24 жаштагы жигитке бычак менен сайган жаран кармалды

Аламүдүндө денесине оор залал келтирүүгө шектелип 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда Аламүдүн райондук милициясына ооруканалардын биринен телефон чалуу болуп, Кырман айылынын 24 жаштагы жашоочусу У.К. бычактан алган жаракатынан улам жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси («Ден соолукка оор залал келтирүү») боюнча катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 25 жаштагы Ж.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда окуянын келип чыгуу себептери териштирилип, сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.