БШК бир мандаттуу округ боюнча 33 талапкерди каттады

Бүгүн, 27-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округ боюнча 33 талапкерди каттады.

Маалым болгондой, аларга ЖКнын депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси тапшырылат.

Депутат болуп катталгандар:

— №1 Лейлек округу – Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №2 Баткен округу – Нурлан Ражабалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №3 Кадамжай округу – Ырысбек Атажанов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №4 Көк-Жар округу — Өмүрбек Бакиров Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №5 Ноокат округу — Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №6 Араван округу – Жалолидин Нурбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №7 Ош округу – Айбек Осмонов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №8 Төлөйкөн округу — Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №9 Кара-Суу округу — Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №10 Куршаб округу — Данияр Төлөнов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №11 Алай округу — Улан Примов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №12 Өзгөн округу — Элмурза Сатыбалдиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №13 Сузак округу — Икрамов Тазабек Икрамович Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №14 Жалал-Абад округу — Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №15 Базар-Коргон округу — Айбек Алтынбеков Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №16 Ноокен округу — Бактыбек Сыдыков Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №17 Аксы округу — Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №18 Ала-Бука округу — Азизбек Турсунбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №19 Токтогул округу — Кундузбек Сулайманов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №20 Манас округу — Дастанбек Жумабеков Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №21 Талас округу — Чойбеков Бактыбек Каныбекович Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №22 Жайыл округу — Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №23 Москва округу — Ханжеза Карим Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №24 Сокулук округу — Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №25 Аламүдүн округу — Сеидбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №26 Ленин округу — Жаныбек Абиров Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №28 Октябрь округу — Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №30 Ысык-Ата округу — Таштанбеков Акбөкөн Дүкөнович Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №32 Кочкор округу — Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №33 Нарын округу — Улан Бакасов Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №34 Жети-Өгүз округу — Малиев Арсланбек Касымакунович Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №35 Ак-Суу округу — Акылбек Түмөнбаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды;

— №36 Ысык-Көл округу — Сарбагышев Максатбек Канатбекович Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланды.

Соттук териштирүүгө байланыштуу Чүй-Кемин бир мандаттуу округундагы шайлоонун жыйынтыгын чыгарала элек.

№29 Свердлов бир мандаттуу округунда жана №27 Биринчи май бир мандаттуу округунда шайлоо өткөн жок деп жыйынтык чыкты. Себеби аталган округдарда «баарына каршы» пунктуна эң көп добуш берилди.