Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди

Мамлекет башчысы капиталдык ремонттон өтүп жаткан ашкананы жана мектепти көрүп, спорт залдын жана окуу бөлмөлөрүнүн абалы менен таанышып чыкты.

Мамлекет башчысы жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар мектеп-интернатынын директору Назгүл Мусаевага 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, мекемеге камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын тапшырды.

Өз кезегинде аталган мекеменин директору Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирип, кичи футбол аянтчасын куруу пландалып жатканын жана түшкөн каражат ушул максаттарга жумшаларын билдирди.

«Өзүбүздүн футбол аянтчабыз болсо, Кудай буюрса балдарыбызды чемпион кылабыз», — дейт ал.

Андан соң Жапаров мекеменин тарбиялануучулары үчүн камкорчу тарабынан куруулуусу көздөлгөн көп батирлүү «Бакыт үйүнүн» пайдубалына капсула койду.

118800 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди

Иш сапардын жүрүшүндө мекеменин тарбиялануучулары да Мамлекет башчысына өздөрүнүн чыгармачылык жана кол өнөрчүлүктөрүн көрсөтүштү. Жапаров балдардын чыгармачылык иштерине баа берип, кол эмгектердин бирин сатып алды.

118809 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди

Мамлекет башчысы жыйындар залында мекеменин тарбиялануучуларын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, балдарга белектерди тапшырды. Президент балдар биздин келечегибиз болгондуктан аларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

118795.730x400 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди
118812.730x400 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди

    Андан кийин Садыр Жапаров мугалимдер жамааты менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мамлекет башчысы мекеменин кызматкерлеринен эмгек шарты, маяналары тууралуу сурап, келерки жылы бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын, анын ичинде бул аларга да таасирин тийгизерин белгиледи.

118802 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди
118799 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди

Келерки жылдын пландарына токтолуп, мамлекет башчысы кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган турнирди эске салды. Анын жыйынтыгында бардык катышуучулар бир добуштан 1 миллион сом байге фондун керектүү муктаждыктары үчүн бул мекемеге берүү чечимине келишкен.

118798 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди
еп интернат
118810 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди
118811 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди
118812 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди
118804 Президент интернатка 1 миллион сомдук сертификат тапшырып, камкор жарандар сатып берген кичиавтобустун ачкычын берди