Жапаров парламенттин 6-чакырылышынын ишин баалады

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иши жыйынтыкталып жатканына байланыштуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламенттин жалпы отурумунда кайрылуу жасады.

Жапаров Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы Кыргызстандын тарыхында өз миссиясын аткарган тарыхый парламент болгонун белгиледи.

«5-чакырылышта Кыргызстандын тарыхында мамлекеттик тышкы карыздын эң чоң үлүшү алынган. 6-чакырылыш тышкы карызды албоого, ошол эле мезгилде гранттык үлүшү 50% чейин турган эл аралык келишимдерди ратификациялоого аракет жасадык. Алынган тышкы карыздын натыйжасыздыгы, коңшу өлкөлөр арасындагы чечилбеген таарынычтар, Дача СУ авиакырсыгы, Бишкек ЖЭБиндеги, Тарых музейинин айланасындагы, Кумтөр боюнча чуулгандуу маселелерди ушул чакырылыш талдап, ушул чакырылыш жыйынтык чыгарды», — деди Акылбек Жапаров.