Бакытбек Калмаматов камакка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бакытбек Калмаматов УКМКнын СИЗОсуна камакка алынды. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 313-беренеге шектелүүдө. Түндө кичи ажылыкка бара жаткан жеринен Калмаматов аэропорттон УКМКга алып келинип суракка киргизилген.