БШК 22-декабрда депутаттык мандат тапшырууну пландап жатат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайлоону утуп чыккан талапкерлерге 22-декабрда депутаттык мандат тапшырууну пландап жатат.

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Жаңы чакырылыш Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын негизинде ишин баштайт. Мандат берилгенден кийин эки апта ичинде жаңы чакырылыш биринчи сессиясын өткөрүшү керек. Парламенттин жаңы курамы ишин баштаган күндөн тартып VI чакырылыш ишин токтотот.

Учурда биринчи сессиясын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети иштеп жатат жана 23-декабрда алгачкы сессияны өткөрүү пландалууда.