Токтобүбү Оргалча: Кытайдын жарандыгын расмий түрдө тапшыргам

Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Альянс» партиясынан талапкер Токтобүбү Оргалча аны «Кытайдын агенти», «президенттин жубайы Айгүл Жапарованын таанышы» жана «кош жарандуулук» боюнча сындагандарга «Фейсбук» баракчасы аркылуу жооп берди.

Ал улуту кыргыз экенин, аны «кытай, уйгур, шпион» дегенге эч кандай негиз жоктугун жазып, үй-бүлөлүк сүрөтүн жүктөгөн. Ошондой эле өзүнүн өмүр баянын да кыскача кошумчалап өткөн.

«Мен Кыргызстандын жарандыгын алганда, Кытайдын жарандыгын расмий түрдө тапшыргам. Кечээ мандат берилгенден бери «биринчи айымдан досу экен» деген ушактар тарап жатат. Мен биринчи айымды жана президентти бир жолу да көргөн эмесмин. Мен жакындан да көргөн эмесмин, телевизордон анча-мынча көрүп жүрөм. Бул чындыкка дал келбейт, бирок ошол кишилердин саясатын колдойм», — деген Токтобүбү Оргалча.

Ошондой эле ал партиялашы Жанар Акаевди бир тууган инисиндей көрө турганын, аны колдоп кайын журту Кадамжайга чейин барып келгенин белгилеген.

2021 12 17 10 20 14 735860 Токтобүбү Оргалча: Кытайдын жарандыгын расмий түрдө тапшыргам

«Жанар иним экөөбүздүн ортобузда эч кандай келишпестик жок. Кудайдын буйругу менен мыйзамдуу түрдө аялдардын квотасы менен мен келип жатам. Мен буга чейин «өтпөй калдым» деп бир жолу да арызданган жокмун. Ушуну түшүнбөй туруп эле мени жерден алып көргө чаап жатасыңар. Бири-бирибизди чукуй бербей, иш жасабайлыбы?» — деди ал.

YouTube video