Президент Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-декабрда, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичти кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы биргелешкен ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелерин, евразиялык мейкиндиктеги интеграцияны кеңейтүү жана тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Анын ичинде 2022-жылы Кыргыз Республикасы Биримдиктин органдарында төрагалык кыларын эске алуу менен.

«Бүгүн биздин алдыбызда пандемияга чейинки өсүү ыргагына кайтуу жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн мындан аркы интенсивдүү өнүгүүсүн камсыздоо тапшырмасы турат. Пандемиянын кесепеттери кирешелердин төмөндөөсү, жумушсуздук, ошондой эле Биримдикке мүчө-мамлекеттердин экономикаларынын ортосундагы ажырымдын чоңойуусу болду. Бул өңүттөн алганда биз Биримдиктин интеграциялык дараметин жана ар бир мүчө-мамлекеттердин атаандаштыктагы артыкчылыктарын экономикаларыбызды чыңдоо жана алардын шайкеш өнүгүүсү менен жакындоосун камсыз кылуу максатында, интеграциябыздын туруктуу өнүгүүсү үчүн толук кандуу пайдаланышыбыз керек», — деп белгиледи Садыр Жапаров.