Бишкекте диагностикалык борбор клиникалык балдар ооруканасына айланды

Бүгүн, 10-декабрда Бишкекте көп тармактуу клиникалык балдар ооруканасы ачылды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, балдар ооруканасын ачууда бюджеттен каражат алынган эмес. Шаар калкы көбөйгөндүктөн үчүнчү балдар ооруканасын ачуу муктаждыгы келип чыккан.

88 2 Бишкекте диагностикалык борбор клиникалык балдар ооруканасына айланды

«Бул оорукана бизге керек. Мурун союз мезгилинде 500 миң кишиге эки оорукана: Байтик баатыр көчөсүндөгү 3-балдар ооруканасы, Жал кичи районундагы оорукана болсо, азыркы мезгилде Бишкек шаары чоңоюп, калктын саны 1,5 миллионго жетип калды. Дайым эле жазында, күзүндө, кышында ооругандар көбөйгөндө балдарга орун жок калып, коридордо жатып калуу, кезек күтүү көп болот. Азыркы кезде биз, бул жерге жаткырсак, ушул проблеманы чечебиз. Бүгүнтөн баштап кабыл алуу башталды», — деди министр.

55 1 Бишкекте диагностикалык борбор клиникалык балдар ооруканасына айланды
99 2 Бишкекте диагностикалык борбор клиникалык балдар ооруканасына айланды

Эске салсак, ачылган балдар ооруканасынын имаратында буга чейин Республикалык диагноз борбору иштеген.