Кичиавтобус жөө жүргүнчүдөн адамды сүзүп кетти

Бүгүн, 9-декабрь эртең мененки саат 8де жөө жүргүнчүнү катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес-Бенс үлгүсүндөгү кичиавтобус жөө жүргүнчүдөн сүзүп кетип, жүргүнчү ошол жерден ал мүрт кетти. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү кабарлашты.

Маалыматты Чүй ОИИБинин жол коопсуздугун камсыздоо кызматы тастыктады.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсык Кара-Балта-Бишкек унаа жолунда, Жайыл районунун  Новониколаев айылында катталган. Белгилей кетсек жолду коюу туман каптап турат.

Маркум 50 жаштагы эркек киши, анын жансыз денеси жакындарына өткөрүлүп берилген.