Терезелерин атайын караңгылатып алган 20 автоунаа айып төлөдү

Бир сутка ичинде терезелерин атайын караңгылатып алган 20 автоунааны аныктап, 110 миң сомго айып салды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында автоунаалардын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын мыйзамсыз караңгылатып алган учурлар көп байкалууда.

Мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо багытында кайгуул кызматкерлери атайын профилактикалык иш-чара жүргүзгөн.

«3-декабрь күнү автоунаасынын терезесин караңгылаткан 20 айдоочу аныкталып, Укук бузуулар тууралуу кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде тийиштүү протоколдор толтурулуп, 110 миң сомдук айып салынды», — деп айтылат билдирүүдө.