«Өспүрүм» рейди: «Түнкү клубдарда спирт ичимдиктерин ичишкен жаш өспүрүмдөр»

«Өспүрүм» рейди: «Балдар компьютердик салондордо жана түнкү клубдарда спирт ичимдиктерин ичишкен жаш өспүрүмдөр».   

Ысык-Көл областтык ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен, аймакта «Өспүрүм» аталышындагы комплекстүү рейдтик иш чарасы өтүүдө. Аталган иш чарада, тартип сакчылары социалдык  кызматкерлери менен бирдикте, тилемчилик менен алектенишкен, оор турмуштук абалга учураган, мектептердеги формалдуу эмес лидер болгон жаш өспүрүмдөрдү, ошондой эле, түнкү саат 22.00дөн эртең мененки саат 06.00ге чейин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн балдарды аныкташууда.

Ысык-Көл областтык милициясынан билдиргендей, Кыргызстанда 1-декабрдан баштап, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө кирип, анда жеке жана юридикалык тараптарга жоопкерчиликтер каралган. Башкача айтканда, аталган кодексинин 74-беренесине ылайык, балдардын тыюу салынган же чектелген жерлерде болуусуна (ата-энесинин, аларды алмаштыруучу адамдардын, ошондой эле тиешелүү объекттердин ээлеринин) уруксат берүүсү, жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келинет. Көпчүлүк ата-энелер, тиешелүү объекттердин ээлери бул мыйзамдын талабын билишпейт, бирок мыйзамдын билбестиги, аларды жоопкерчиликтен бошотпойт.

Каракол шаарында өткөн түнкү рейдте, милиция кызматкерлери компьютердик салондорун бирин текшерген учурда, анын ичинде эки жаш өспүрүм жүргөнү аныкталган. Түнкүсүн жаш өспүрүмдөр бул жерде эмнеге жүрөшөт деген суроого, салондун администратору өзүн актагансып, саат 21.00дө чоң адамдар акчасын төлөшүп, балдарын копьютердик оюндарга калтырып кетишерин, айрым учурларда ата-энелер да ушундай кыларын билдирди. Ал эми, 22.00дөн кийин жаш өспүрүмдөрдүн бул жерде болбошун көзөмөлдөө мүмкүн эместигин, себеби, салондун аянты чоң болгондуктан, ар бир баланы карап чыгуу кыйындыка турарын белгиледи.   

Жаш өспүрүмдөр шаардык милицияга алып келинип, милицияга ата-энелери да чакырылды. Биринчи жолкусунда тартип сакчылары эскертүү менен чектелип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, балдарды мыйзамдуу өкүлдөрүнө тапшырып беришти.

Түн ортосуна жакын милиция кызматкерлери жана социалдык кызматынын өкүлдөрү түнкү клубдарын текшерүү учурунда, анда төрт жаш өспүрүм спирт ичимдиктерин ичишип, кальянды тартып жатышканын аныкташты. Жаш өспүрүмдөргө спирт ичимдигин сатууга кандай себеп менен жол бердиңер деген суроого, мекеменин администраторлору, кардарлардын биринде паспорту бар деген жооп менен чектелди. Муну менен чектелбестен, администратордун бири, жаш өспүрүмдөрдүн бирине башка адамдын паспортун бере койгонго аракет көрдү.

WhatsApp Image 2021 12 04 at 07.54.18 3 «Өспүрүм» рейди: «Түнкү клубдарда спирт ичимдиктерин ичишкен жаш өспүрүмдөр»

Аныкталган жаш өспүрүмдөр милиция бөлүмүнө алынып келинип, алардын өздүктөрү аныкталгандан кийин, ата-энелери чакырылып, балдары тапшырылып берилди.

Рейдтин жүрүшүндө, облустун аймагында түнү менен бардыгы болуп 18 жаш өспүрүм, саат 22.00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрү жок, үйлөрүнөн сырткары жүрүшкөндөрү аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча мыйзам чегинде тийиштүү чаралар кабыл алынды.