Президент Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды

Садыр Жапаров бүгүн, 3-декабрда, Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында жайгашкан Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине (ССМ) барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

1273949.649863d00db591d60e2e8cfc113e597b Президент Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды

Маалыматка ылайык, Жапаров социалдык стационардык мекеменин заманбап жабдуулар менен жабдылган жаңы имаратын көрдү. Ошондой эле ал социалдык мекеменин тарбиялануучуларынын тамак-аш, окуу жана жашоо шарттары менен таанышып, алардын сабактарына катышып, балдар менен баарлашып жана аларга белектерди тапшырды.

1273961.a5fbdf9fd9a93aedacdc279ebf75e734 Президент Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды

«Күнүмдүк рацион балдардын өнүгүүсүнө, саламаттыгына жана иммунитетине таасир этет. Бизге аларды ар түрдүү, пайдалуу жана толук кандуу тамак-аш менен камсыздоо зарыл», — деп баса белгиледи. Ал эми Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев республиканын социалдык стационардык мекемелериндеги балдардын тамак-ашына бир күндүк чыгымдын ченеми бир адамга 110 сомду түзөрүн билдирди.

1273959.5c8e699ff7dd9df35b90852c35c8d30c Президент Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды
1273952.18bf9f863a8e213e95e60fc950dce068 Президент Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды
mailservice Президент Беловодск балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барды