Ушул сааттарга карата бюллетендердин 61,27 пайызы кол менен саналды

Бүгүн, 2-декабрда саат 09:30га карата бюллетендердин 61,27 пайызы кол менен саналды.

БШКнын маалыматы боюнча, 2494 шайлоо участогунун ичинен 1528 участоктогу протоколдор келип түшкөн.

Андагы маалыматтар боюнча, учурда 5 пайыздык босого чектен 7 партия өттү.

Алар:

  1. Ата-Журт Кыргызстан» — 15.88%;
  2. «Ынтымак» — 12.62%;
  3. «Ишеним» — 13.36%;
  4. «Ыйман нуру» — 6.88%;
  5. «Альянс» — 7.41%;
  6. «Эл үмүтү» — 5.00%;
  7. «Бүтүн Кыргызстан» — 6.26%.