“Кадыр-баркына шек келтирген”: Шайлообек Атазовду сотко беришти

№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан талапкер Нурбек Алимбековдун штабы ошол эле округдан шайлоого катышкан Шайлообек Атазовду сотко берди. Бул тууралуу Алимбековдун штаб жетекчиси Нурлан Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, Атазов Алимбековдун кадыр-баркына шек келтирген жана жалган маалыматтарды тараткан.

“Атазов бизди каралап, талапкердин аброюна шек келтире турган сөздөрдү айтып жатат. Ошондуктан биз да жооп берүүгө аргасыз болдук. “Атазов Алимбековдун аброюна шек келтирди” деген жүйө менен сотко кайрылдык”, – деди ал.