Эдил Байсалов кайрадан Лондонго барды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Лондон шаарындагы “Mines and Money” дүйнөлүк тоо-кен көргөзмөсүндөгү Кыргызстандын улуттук стенди менен таанышты (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу).

61a757aa62063 thumb Эдил Байсалов кайрадан Лондонго барды

Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки күнгө созулуучу “Mines and Money” ар жылы өтүүчү дүйнөлүк көргөзмөсү пикир алышуу, окутуу жана бизнес жүргүзүү иретинде инвесторлорду жана тоо-кен корпорацияларын чогултат.

61a75b9f85fdb thumb Эдил Байсалов кайрадан Лондонго барды

Иш-чара тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүү жана ага инвестиция тартууга дем берүү, ошондой эле бүтүмдөрдү жасоо үчүн аянтча катары саналат.

Эдил Байсалов анын Бириккен Королдуктагы дипломатиялык миссиясынын жыйынтыкталышына байланыштуу бир катар протоколдук иш-чараларды өткөрүү үчүн Лондон шаарында жумушчу сапары менен жүрөт. Ошондой эле сапардын жүрүшүндө ал мамлекеттик органдар жана эл аралык компаниялар менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Үстүбүздөгү жылдын 3-декабрында ал Кэмбридж университетинде мурда пландаштырган лекциясын өткөрөт.