«Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров жоголду

«Ордо» саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу партиянын өкүлдөрү билдирди.

Маалым болгондой, Мияров № 44 мектепке добуш берүү үчүн кеткен экен. Ошол бойдон байланышка чыккан эмес.

«Телефону өчүк, акыркы жолу месенжерлерге саат 14:00 чамасында кирген. Анын кайда экенин туугандары да билишпейт. Биз азырынча мамлекеттик органдарды күнөөлөбөйбүз, балким уурдап кетишти же башка жагдайлар болуп кетиши мүмкүн. Бизде азырынча так божомолдор жок. Кечке чейин келбесе, милицияга арыз жазабыз», — деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы бул тууралуу маалыматты тактап жатышканын билдирди.