Байсалов БШКнын добуштарды эсептеген системасында мүчүлүштүк болбогонун билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасында мүчүлүштүк болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өзүнүн “Твиттердеги” баракчасына жазды.

333 1 Байсалов БШКнын добуштарды эсептеген системасында мүчүлүштүк болбогонун билдирди

“Эртең менен Президенттик администрация кечээ, шайлоонун жыйынтыгын чыгарган учурда эмне болгонун иликтеди. БШКнын автоматтык системасынында эч кандай мүчүлүштүктөр болгон эмес. Бул жерде жарыялоо таблицасында ката бар. Бул баракчадагы формула туура эмес болгон”, – деген Байсалов.

Ал добуштар саналып бүтө электигин, толук жыйынтык бюллетендерди кол менен саналган соң чыгарыларын билдирген.

Кечээ, 28-ноябрда добуш берүү соңуна чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Айрым партиялар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылып жатышат. “Ата-Мекен” партиясынын тизмесинде шайлоого катышкан Тилек Токтогазиев добуштарды кайра санаганда “20 миңден 30 миңге чейин добуш азайып” кеткенин айтты.