Садыр Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди.

image 13 3 Садыр Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды

Мамлекет башчысы Бишкек шаарындагы № 1053 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добуш бергенден кийинки кыска кайрылуусунда элди активдүү добуш берүүгө чакырды.

“Ар бир берген добушуңуздардан Кыргызстандын, анын ичинде өзүңүздөрдүн жана балдарыңыздардын келечеги аныкталат. Ошон үчүн дагы бир жолу сиздерден шайлоого активдүү катышып бериңиздер деп суранам”,- деди президент.

image 13 2 Садыр Жапаров элди активдүү добуш берүүгө чакырды