Акылбек Жапаров добуш берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров №1142 шайлоо участогунда добуш берди.

Акылбек Жапаров журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

Бүгүн, 28-ноябрь Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо күнү. Шайлоо тилкелери эртең менен саат 8:00дөн тартып кечки саат 20:00гө чейин иш алып барышат.

Кыргызстандын аймагында жана чет жерлерге жалысынан 2494 шайлоо тилкеси уюштурулган. Өлкө боюнча 3 миллион 700 миңден ашык жаран шайлоочулардын тизмесине киргизилген. Бул жолу Жогорку Кеңешке 90 депутат келет.

Ал эми шайлоочулар колдоруна 2 бюллетень алат, биринчиде жаран партияны жана анын ичиндеги бир талапкерди тандаса, экинчисинде бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин койгон адамды тандай алат.