Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо тилкесинде кезек жаралды

Бишкек шаарындагы №1053 шайлоо тилкесинде бюллетень сала турган урна иштебей калды. Бул туурасында Булак. кжге шайлоочулар кабарлады.

Алардын айтымында, аталган шайлоо тилкесинде электрондук урна иштебей калып, шайлоочулардын кезеги жаралды.

Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Кыргызстандагы жаңы шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул ирет 90 депутатка мандат берилет. Партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.