2021-2026-жылдарга карата аялдар ишкердигин колдоо программасы кабыл алынат

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономикалык рецессиянын алкагында 2021-2026-жылдарга карата аялдар ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программа кабыл алынат. Бул тууралуу “Кыргызстан – Татарстан” ишкердик форумунда КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди.

“Программаны КР министрлер кабинети тарабынан республикадагы ишкердикти колдоо үчүн каатчылыкка каршы иш-чаралардын алкагында кабыл алуу пландалган”, – деди ал.

Ошондой эле анын маалыматына караганда, иш-чаранын алкагында 5 программа иштелип чыккан:

– президенттин “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктары чыгарылды;

– Бизнес-омбудсмен интитуту түзүлдү;

– Укук коргоо жана көзөмөл органдары тарабынан ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизилди;

– Салык кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат;

– Электрондук фискалдаштыруу киргизилди (электрондук эсеп-фактура, товарларга маркировкалоо, онлайн көзөмөлдөө-кассалык машина, электрондук патент, электрондук кол коюу менен электрондук отчеттуулук, май куючу жайды автоматташтыруу);

– лицензиялык жана уруксат берүүчү документтердин маалымат порталы ишке киргизилди (http://www.elicense.gov.kg/);

– жашыл экономика принциптери жайылтылууда.