Юлия Джаналиева, №12: “Мектептерде милдеттүү түрдө үч тил окутулушу керек”

“Биздин команданын максаты – кыргыз, орус жана англис тилдерин милдеттүү түрдө үйрөтө турган мектептердин санын көбөйтүү”.  Бул тууралуу “Альянс” партиясынан депутаттыкка талапкер Юлия Джаналиева билдирди.

“Билим берүүнүн базистик планында окуучуларга кереги жок сабактар көп. Алар жөн эле балдардын убактысын алып жатат. Азыр IT тармагы, финансылык сабаттуулук, психология, байланыш негиздери сыяктуу сабактар окутулушу керек. Бирок аларды базистик планга киргизүү

мүмкүн эмес. Андан башка сабактар өтө көп. Окуучулар мындай жүктү көтөрө алышпайт”, – деди Джаналиева.

Ал директорлорду ата-энелер жана мугалимдерден турган камкорчулар кеңеши аркылуу дайындоо, биринчи класстан баштап англис тили жана программалоо сабактарын киргизүү заман талабы экенин кошумчалады.

Альянс – №3 Бир күч!

 Юлия Джаналиева – №12

Аткаруучу: ОО «Масс Медиа Групп»

Дареги: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 155

Буйрутмачы: «Альянс» саясий партиясы

Нускасы: 1

Чыгарылган күнү: 2021-жылдын 19-ноябры

«Альянс» саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен «Альянс» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү (каттоо күбөлүгү №8, 01.09.2021-ж. БАШК).