Президентке караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду түзүлөт. Жарлыкка кол коюлду

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Билим берүү фонду Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо фонду болуп кайра түзүлөт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Билим берүүнү жана жаштарды колдоо маселелери боюнча комиссия түзүлдү.