Санитардык эрежелерди бузган коомдук тамактануучу жана соода жайларына айып салынды

Кыргызстанда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы үчүн коомдук тамактануучу жана соода-сатык жайларына 1 млн сомдон ашуун суммага айып салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коомдук тамактануу жайлары менен байланышкан массалык тамак-аштан уулануу учурларынын көбөйүшүнө байланыштуу 2021-жылдын 26-октябрынан 11-ноябрына чейин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан жалпысынан 627 коомдук тамактануучу жай жана соода объектиси текшерилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-эпидемиологиялык нормаларды жана эрежелерди бузгандыгы үчүн жооптуу адамдарга жана жетекчилерге карата 254 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 1 млн 14 миң 500 сом айып салынган.

Рейддик иш-чаралар калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучту азайтуу, тамак-аштан уулануунун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.