Кулакчынды канча убакыт угуу керек?

Кулакчын колдонуунун коопсуз убактысы күнүнө 15-30 мүнөттү түзөт. Чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, узак убакытка кулакчын менен музыканын үнүн бийик чыгарып уккан адамдын угуусу начарлашы мүмкүн.

Ошондой эле адамдын угуу аппараты интенсивдүүлүгү 80-85 децибелге чейинки добушту зыянсыз кабыл алат. Ал эми кулакчындын үн толкунунун интенсивдүүлүгү 110 децибелге чейин жетип, мотоцикл жүрүп баратканда же рок-концертте чыккан катуу үнгө барабар болорун эскертти.

“Мындай катуу үндөр угуу аппаратынан мээге импульс өткөрүп бере турган клеткаларды жабыркатат”, — деп эскерткен дарыгер.

Мындан сырткары, кулакчынды кулактын ичине чейин киргизип алып уккандар тарсылдагын жарып алуу кооптуулугу бар.