Автобус чогултуу боюнча Кыргыз тарап КамАЗ менен келишим түздү

Бишкекте өткөн кыргыз-татар ишкердик форумунда “КамАЗдын” тышкы соода компаниясы менен “Шыдыр Жол KG” ишканасынын ортосунда макулдашууга кол коюлду.

Ага Татарстандын (РФ) президенти Рустам Минниханов менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев катышкан.

Тышкы соода компаниясынын башкы директорунун милдетин аткарып жаткан Василий Цыганов, ал “КамАЗ” ачык акционердик коомунун туунду компаниясы экенин жана машина курган гиганттын продукцияларын тышка сатуу боюнча иш алып барарын айтты.

Ал өндүрүштүн башталышына аз этап калгандыгын, жакында жабдууларды алып келүү башталарын белгиледи. Лицензиялык макулдашуудан соң келишимге кол коюлмакчы.

Жергиликтүү компаниянын жетекчиси Русланбек Балтабаев төмөнкүлөрдү билдирди:

  • чогултуу өндүрүшү Токмокто иш алып бармакчы;
  • экономисттер күнүнө эки автобус жасаларын эсептеп чыгышкан;
  • автобустар бийик болбойт, метан менен иштейт;
  • биринчи иретте жергиликтүү рынокко иштөөнү пландап жатышат;
  • топтогон өндүрүш пайдалуу, даяр автобустарга салыштырмалуу тетиктер кошумча нарк салыгысыз (12 пайыз) келет;
  • чогултуу өндүрүшүн эмдиги жылы баштоону пландап жатышат.