Эмил Жураев: Садыр Жапаровдун атынан сүйлөп, аны коргоо – Байсаловдун башкы милдети эмес

Бир айдан ашык убакыт бою Байсалов менен Текебаев ортосунда талаш, кайым айтышуу болуп келүүдө. Бул маселе боюнча аталган саясатчылар өздөрүнө элдин көңүлүн бурдуруп келе жатат. Саясат таануучу Эмил Жураев да BULAK.KG сайтына бул тууралуу оюн билдирди.

“Байсалов өз кызматына бекитилген күнү эле “Азаттык” радиосунун берүүсүнө келип, Текебаев менен тиреше кеткендиктен мындай кызыктуу бир диалог башталды деп ойлойм. Негизи бул адамдар бири-бирин өтө жакшы таанып, көп иштешкен кишилер.

Байсаловдун так белгиленген, өкмөттөгү чоң функциясы, орду бар. Акыркы бир-эки учурда Садыр Жапаровдун атынан сүйлөп, анын ишин коргоп, ишмердүүлүгүн түшүндүрүп берүү – бул Байсаловдун мойнундагы башкы милдет эмес. Шайлоонун алдында, үгүт иштери маалында азыркы аткаруу бийлиги жетекчиликти туура эмес нукка буруп, саясий кадамдарга тартып кирип баратат. Мындай кыймыл-аракеттер одоно жасалып жатат.

Ал эми, Текебаев толук бойдон каалаган сөзүн айтып, кимге эмне деп жооп берери өз эрки. Үгүт маалында партиялардын жетекчилери, талапкерлер айтчу сөздөрүн айтып эле жүрүшөт. Алардын сөзүнө ишенген киши ишенет, укканы угат, укпаганы тим эле коет. Эгер Текебаев тарабынан болобу, башка адам тарабынанбы президентке байланыштуу, кандайдыр бир зыянын тийгизүүчү создөр айтылып жатса, президент өзү же маалымат кызматы жооп бериши керек. Вице-премьер минстр президенттин таламын талашып, жөн жерден эле саясий риториканын үстүнөн кайым айтышууга кирүүсү туура эмес деп ойлойм.

Азыркы маалда калыптанган, бутуна бекем турган оппозиция жокко эсе. Башкача айтканда, мөөнөтү көпкө созулуп кеткен парламенттин ичинде оппозиция дээрлик калган жок. Ал жерде “Ата-Мекен”, “Бир Бол” же “Республика”  партияларына тиешелүү бир ууч депутаттар бар. Бирок, алардын оппозициялык маанайы учурда бекем деп айтууга болбойт.

Парламенттен сырткары Майданда, албетте, чоң таанымал кишилер бар. Бирок, толук кандуу оппозиция катары иш алып барып, эффективдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү аз. Парламенттен тышкаркы айдыңда Өмүр Текебаев башкы оппозиция катары айтылышы керек. Ал киши мындай маанайын шайлоо алдындагы ар кандай интервью, сөздөрүндө билдирди окшойт”,-дейт Эмил Жураев.

YouTube video