Алмазбек Акматалиев: Текебаев менен Байсаловдун талашы – бул саясий, идеологиялык талаш

Жаңы түзүлгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык тармак боюнча орун басары Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңешке аттанып жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ортосундагы кайым айтышуу уланууда.

Мына ушул бир айдан ашык убакыт ичинде да аягына чыга элек болгон позиция талашы боюнча BULAK.KG сайты саясат таануучу Алмазбек Акматалиевге кайрылып пикирин угуп көрдү.

“Социалдык маселелер боюнча Министрлер кабинетинин орун басары деген – бул саясий кызмат, саясий орун. Ички жана тышкы саясатты Конституция боюнча Министрлер Кабинети ишке ашырат, аткарат, чечим кабыл алат жана жооп берет. Саясат өзүнчө, экономика же соцтармак өзүнчө өмүр сүрбөйт жашоодо. Ошон үчүн Байсаловдун же Министрлер кабинетинин башка мүчөсүнүн негизги иши бул ошол тармактагы саясат. Маданият, экономика, коопсуздук, айыл чарба саясаты дегендей.

Азыркы жана мурунку бийликтин оппозициясы болуп ар дайым экономика, жашоо деңгээли, социалдык калыстык жана башка нерселер болуп келген. Конструктивдүү оппозиция да, кур кыйкырык менен алектенген оппозициябыз деген күчтөр да ар дайым болуп келген.

Текебаев өзүн жана партиясын азыркы бийликке оппозиция деп жарыялады. Эми, шайлоо жүрүп жатканда муну да туура кабыл алыш керек. Демократиялык мамлекетте бул кадыресе эле көрүнүш да. Маселе бийлик менен оппозициянын ортосундагы мамиледе, ал мамиленин маданиятында жана деңгээлинде. Мен тең конструктивдик мамилени каалаар элем. Биз айтып жаткан эки белгилүү инсандын талашы бул жеке адамдардын талашы эмес. Бирөө парламенттик, экинчиси президенттик башкаруунун жактоочулары. Бул жеке талаш эмес, саясий талаш, керек болсо саясий идеологиялардын талашы.

Албетте, Текебаевге президенттик башкаруу жакпайт. Байсалов болсо, президенттик башкаруунун жактоочусу. Ошон үчүн бул талашты эки жеке адамдын талашына чейин түшүрбөшүбүз зарыл. Эл референдумда эки жолу президенттик башкарууну тандады. Эми иштеш керек. Бийликтин да, оппозициямын дегендердин да бир эле мамлекети бар. Ал Кыргызстан”.

YouTube video