Бишкекте кээ бир аймактарда таза суу жок болот

18-ноябрда саат 9:00 — 18:00 аралыгында Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдүн айрым тилкелеринде таза суу жок болот.

«Бишкек суу каналдын» маалыматы боюнча, «Киркомсторм» суу тосмосунда жана суу түтүктөрдө оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Суу өчүрүлө турган райондор (чектеш аймактар):

Абакан, Дэн Сяопин, Волкова, Сыдыгалиев көчөлөрү менен чектешкен аймак жана темир жол тилкеси.