Кайсы партия Жогорку Кеңешке өтөт? – сурамжылоо

«Евразийцы – новая волна» деген аталыштагы Гуманитардык кызматташуу боюнча жаштар фонду кыргызстандыктар арасында масштабдуу, ири сурамжылоо жүргүзгөн.

Анда партиялардын рейтинги жана элдер аларга кандай көз карашта экендиги изилденген. Ат салышкан партиялар боюнча өз ойлорун 11 миң адам ортого салды.

image 3 Кайсы партия Жогорку Кеңешке өтөт? - сурамжылоо

Сурамжылоонун жыйынтыгында алдыга  7 партия чыккан.

Биринчи лидерликте «Ата-Журт Кыргызстан»«Ынтымак» жана «Ишеним» турат. Акыркысы «Ата Мекен» менен теңтайлашып баратат. Партиялардын арасында оппозиционерлер да жок эмес – «Бүтүн Кыргызстан». Алар да аймактарда өз оппоненттери бар. Бирок ошондой болсо да мурунку чакырылышка кирбей калышкан. ЖКдан орун алып калганга «Ыйман Нуру» партиясынын да мүмкүнчүлүгү бар (буга чейин БШК аталган партия диндик көз карашты карманат деп тизмеден алып салганга чейин барган).

 «Эл Үмүтү» партиясы эң жаш партия (бул партиянын курамында бардыгы жаштардан чыккан талапкерлер). 

Ошентип, жаңы түзүлө турчу Жогорку Кенештин курамын ар кыл чөйрөдөгү жана ар кандай багыттагы партиялар түзмөкчү.

Белгилей кетсек, акыркы жумада ғ пайыздын чен алып калган партиялардын атаандаштыгы чет өлкөдөгү мигранттарыбыздын шайлагандыгына жараш болот.

Бул жылкы шайлоо өзгөчө, анткени шайлоочу бир партияга (арасынан бир талапкерди шайласа болот), ошол эле убакта бир мандатка шайласа болот.

Жогорку Кенешке ат салышып жаткан партиялардын жалпы рейтинги

image 2 Кайсы партия Жогорку Кеңешке өтөт? - сурамжылоо