
Мурманская 1Б/1 көчөсүндө көмүрдүн баасы 3000 (үч миң) сомдон сатыла баштады. Кезек көп болуп кеткендигине байланыштуу бир үй-бүлөөгө 2 тоннага чейин сатылат.
1-декабрдан баштап 2 тонна деген чектөө алынып салынат.
Белгилей кетсек, кечээ президент Садыр Жапаров Бишкекте көмүрдүн баасы сезилерлик төмөндөйт деген эле.
Мамлекет башчысы күз-кыш мезгилиндеги көмүрдүн баасын чечүү боюнча министрлер кабинетине тапшырмалар берилгенин белгилеген.
Улуттук статистика комитети бир нече күн мурда Кыргызстанда көмүрдүн баасы акыркы айда дээрлик 15 пайызга кымбаттагандыгын билдирген болчу.