Эльдар Байбулатов: “Эгер мындай баш аламандыктар улана берсе, анда эртең элди дарылаганга киши калбай калат!”

Эльдар 38 жашта, КММАны аяктаган, онкохирург, профессор. Кыргызстан Эл аралык университетинин стратегиялык жана инновациялык өнүгүү боюнча проректору. Медицина илимдеринин кандидаты, профессор, докторант, медицина тармагында 20 жылдан бери иштеп келе жатат, жогорку медициналык окуу мекемелерин аккредитациялоо чөйрөсүндө эл аралык эксперт. Кыргыз Республикасындагы ЭАУнун алдында уникалдуу Илимийизилдөө морфологиялык окуу корпусун негиздеген.

photo1637048995 2 Эльдар Байбулатов: “Эгер мындай баш аламандыктар улана берсе, анда эртең элди дарылаганга киши калбай калат!”

Эльдар, Жогорку Кеңештин депутаттыгына бараткан жаш талапкерлерди “тажрыйбасы жок, билими жетишпейт, мамлекетти кантип башкаруу керек экенин билбей эле бийликке умтулуп жатышат” деп күнөөлөшүүдө...

– Көйгөй биздин жаш экенибизде эмес, дегеле бизде эмес. Мамлекеттин негизги көйгөйү мында, бизде бийликтеги мураскерлик жок, дегеле профессионалдуу мураскерлик деген жок. Биринчи төңкөрүштөн кийин Бакиевдин режими акаевчилерди толугу менен жоготту. Алардын арасында чыныгы тажрыйбалуу, сабаттуу башкаруучулар бардык тармактар боюнча көп болчу. Жаңы дайындоолор бир гана принцип боюнча – башчыга жакын болгонуна карап гана жүрдү. Дагы кезектеги төңкөрүш болду, кадрлар кайрадан тазаланды, бирдемени түшүнүп, кандайдыр бир иш кылып жаткан мурдагыларды кайрадан жоготушту. Ушинтип эле келатабыз да.

Натыйжада ушундай кырдаалга туш болдук, тийиштүү билими жок, тармакты түшүнбөгөн, кадрдык өсүү тепкичтеринен түк өтпөгөн адамдар түз эле министрлик кызматка секирчү болду. Буга мисалдар толтура.

– Анан сиздер деле – жаш талапкерлер, ошолордой эле тетиги өйдө жакка баргыңар келип жатпайбы, же андай эмеспи?

– Биринчиден, биз эски кадрлардын баарын эле айдап чыгуу керек деп жаткан жокпуз. Албетте, ондогон жылдар бою орунду ээлеп, мамлекеттин каражаттарын оңду-солду чачкан, өзүлөрүнүн да, мамлекеттик кызматтын да баркын кетирген адамдар бар. Бирок баары бир айрым чыныгы таза иштеген, алардан бидеме үйрөнсө боло турган адамдар калды да. Булар негизинен улуу муундагы адамдар, алар тажрыйбасын жаштарга үйрөтүүгө тийиш. Ишениңиз, биз, жаштар, мындай адамдардын тажрыйбасын үйрөнүүгө даярбыз. Бирок башка жагынан алып караганда, бүгүн мамлекеттик башкаруу системасындагы, кыргыз саясатындагы кан жаңыланбаса, анда бизди анык кадрдык кыйроо күтүп турат. Анан башкаруучулар менен саясатчылар асмандан түшө калбайт, ага окуп үйрөнүү менен жетишиш керек.

photo1637048995 1 Эльдар Байбулатов: “Эгер мындай баш аламандыктар улана берсе, анда эртең элди дарылаганга киши калбай калат!”

Экинчиден, эмне үчүн жаштарга мындай теңсинбөөчүлүк мамиле жасалууда? Эгерде биз 18 жаштагы боз балдар болсок мен муну түшүнөт элем. Андайларга мамлекетти башкаруу кайдан? Бирок биз ар бирибиз өз ишибизде профессионалдык деңгээлге жеткен адамдарбыз. Арабызда ийгиликке жеткен экономисттер, юристтер, педагогдор, врачтар, фермерлер ж.б. бар, айта берсек көп. Негизгиси, биз билимдүүбүз, биз профессионалдарбыз. Ал эми парламенттик иштин аркы-беркисине мурдагы отургандардын көпчүлүгүндөй эле үйрөнөбүз.

– Кантип үйрөнөбүз деп турасыз?

– Албетте, интрига жасап, ар кандай тымызын оюндарды жасоого үйрөнбөйбүз деңизчи. Эл өкүлү болуп саналган депутаттын бирден-бир милдети – бул элдин кызыкчылыгын коргоо. Аркы-беркиси деп жатканым – мен мында кандайдыр бир процессуалдык учурларды, аларды канткенде натыйжалуураак жасаш керек экенин назарда тутуп жатам. Ал эми кыргызстандыктарды кантип коргоо керек экенин биздин партиянын мүчөлөрүнө үйрөтпөй деле койсо болот. Алар ансыз деле өлкө башына эң кыйын күн түшүп турган пандемия учурунда жана Октябрь окуяларында элди коргоп да, сактап да келишти.

– Кечиресиз, көптөр ыктыярчылар туурасындагы тема эскирди деп жатышат…

– Келечекте өткөндөгүдөй иштер кайталанбасы үчүн муну дайыма эстетип туруш керек деп ойлойм. Анткени тармактардагы абал чынында кандай экени ошол мезгилде ачык көрүндү, бийлик мындай чукул кырдаалда мамлекетти башкарууга жөндөмсүз экенин көрдүк, андан улам жүздөгөн адамдар каза болуп кетти. Эң башкысы, биз өзгөрүүлөргө жетишишибиз керек экен деген түшүнүк ошондо жаралды. Ошол окуялар болбогондо биздин көпчүлүгүбүз саясатка деле барбайт элек. Мен, мисалы, өз ишимди сүйөм, дарылоону, окутууну жактырам. Бирок эгер Кыргызстанда өнүгүү жок болсо, сапаттуу өзгөрүүлөр болбосо, анда өлкөнүн келечеги жок. Ошондой эле өзүлөрүнүн “элиталык” дүйнөсүнө баштарын катып алышкан депутаттар бүгүнкү турмуш чындыгынан таптакыр эле алыстап калганын көрсөтүштү.

А сиздер алыс эмессиздерби?

– Биз алыстап кеткен эмеспиз. Биз бардык кыргызстандыктар жашагандай эле жашоо менен жашайбыз, карапайым элдин, ар бир тармактын көйгөйүн жакшы билебиз. Биз 30 жыл бою оозеки жүзүндө “издеп, чакырып келатышкан”, бирок дайыма четке кагылган кесипкөй кадрларбыз. Эми биз эч кандай чакырууларды күтпөйбүз, кырдаалды жөндөөнү өз колубузга алалы деп турабыз.

Жеке өзүмдү мисал кылып айта кетейин, мен 20 жылдан бери медицина тармагында иштеп келатам. Хирургмун, профессормун, жаш адистерди да тарбиялап келатам. Ошондуктан саламаттыкты сактоо тармагында да, билим берүүдө да эмне болуп жатканын эң сонун билем. Эмнени өзгөртүү керек экенин да, эң башкысы – анын баарын кантип жасоо керек экенин билем.

Мисалы? Баары эле «мен билем, колумдан келет» дей берет, бирок иш жүзүнө келгенде мунун баары башкача болуп чыгат.

– Биринчиден, мен билим берүү жана медицина – бул ар бир мамлекеттин негизин түзөрүн так билем. Эгерде сапаттуу билим берүү менен медицина жок болсо, анда эч нерсе болбойт. Сабатсыз, көз карашы тар адамдар мамлекетти түк башкара алышпайт. Эгер улутуң сыркоолоп турса, анда кайдагы өнүгүү туурасында кеп болушу мүмкүн? Ошондуктан билим берүү жана медицина тармагын каржылоону негизги принцип катары карообуз керек.

Биздин медицинадагы бардык системалуу көйгөйлөр, тактап айтканда: эскирген материалдык-техникалык база, квалификациялуу кадрлардын жетишпестиги, медициналык тейлөөнүн төмөн сапаты, эң башкысы, жакшыртууга карай сүрөөнүн жоктугу, медкызматкерлердин айлык акыларынын аздыгы жана башка маселелер бир гана экономикалык тенденциянын натыйжасы болуп саналат. Тактап айтканда, КРнын саламаттыкты сактоо системасы улуттук экономикага интеграцияланган эмес, дотациялуу бойдон калууда. Ошол эле маалда рынок экономикасы өнүккөн башка өлкөлөрдө саламаттыкты сактоо тармагы, тескерисинче, кирешелүү болуп саналат.

Мисалы, АКШ саламаттыкты сактоого ИДПнын 18%ын жумшайт жана бул чөйрөгө жумшаган чыгашалар боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Каржылоо бюджеттен эмес, камсыздоочу уюмдардан жүргүзүлөт. Бул эмне берет? Саламаттыкты сактоо уюмун кирешелүү кылат. Илимий иштердин натыйжалуулугу боюнча да АКШ дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Ал жакта саламаттыкты сактоо тармагы эң эле алдыңкы медициналык жабдуулар, дары-дармектер жана чыгаша материалдары менен камсыздалган. Медицина тармагында “Нобель” сыйлыгын алып жаткандардын арасында да АКШнын өкүлдөрү басымдуулук кылат. Акыркы 25 лауреаттын ичинен 18и америкалык жарандар же чакырылган окумуштуулар болуп эсептелет. Акыркы 20 жыл ичинде түзүлгөн жаңы медициналык препараттардын теңи АКШнын үлүшүнө туш келет. Жеке кирешелери боюнча да америкалык врачтар башка өлкөлөрдөгү кесиптештерине салыштырмалуу кыйла жогору турушат.

Салыштырып көрөлү – 2018-жылы Кыргызстан медицинага ИДПнын 3,2%ын жумшаган жана бул көрсөткүч өнүккөн өлкөлөргө караганда үч эсеге аз. СССРде саламаттыкты сактоого жана медицинага орточо алганда мамлекеттик чыгашанын 8,4%ы жумшалып турган жана көптөгөн республикалык илимий клиникалар илимий борбор катары мыкты каржыланып турган.

Мунун баары фактыларды гана тизмектөө. Сиз эмне кылууну сунуштайсыз?

Биринчиден, саламаттыкты сактоону каржылоонун моделин тандап алуу керек. 30 жыл бою биздин саламаттыкты сактоо тармагы өткөөл мезгилди баштан кечирип келет. Кандай моделди: бюджеттикпи (бизде жана Европа өлкөлөрүндө, мисалы, Улуу Британияда ушундай) же камсыздоочу моделди тандаарыбызды алиге чейин аныктай элекпиз. Бюджеттик-камсыздоочу аралаш моделди тандап алсак болот, ошондо бюджет капиталдык салымдарды, материалдык-техникалык базаны жакшыртууну каржылайт. Ал эми медициналык жардамга акы төлөө камсыздоочу мүчөлүк акылардын эсебинен ишке ашырылат.

Азырынча орун алып жаткан белгисиздик каржылоону оптималдаштырууга, инновацияларды киргизүүгө жол бербейт. Мындай болгон күндө кыргызстандыктарды дарылоо жаатындагы кандайдыр бир жаңылыктар туурасында кеп кылуунун да кереги барбы?

Ошого карабай абдан кызыктуу ыкмалар бар. Мисалы, көп өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо тармагында бардык оорулардын симптомдорун кодификациялоо киргизилген. Атайын компьютердик программалардын жардамы менен адам врачка келгенге чейин эле өзүнүн симптомдорун киргизип, тийиштүү сунуш ала алат – ага же тар чөйрөдөгү адиске же участкалык врач алектенген эле кошумча изилдөөдөн өтүүгө сунуш берилет.

– Ошондо участкалык врачтарды электрондук дарыгерлерге алмаштырайын деген оюңуз барбы?

– Дароо эле эмес. Бирок жакынкы келечекте Кыргызстанда ар бир жарандын электрондук медициналык паспортун киргизе баштоо зарыл. Бул маалыматтарды симптомдорду кодификациялоо базасы менен бириктирүү бейтапка жардамга кайрылганга чейин баштапкы этапта багытты тандап алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондо участкалык врач же жалпы практикадагы врач деген адистиктер жоголот. Алардын көпчүлүгү кайрадан окутулат жана бул сергек атаандаштыкка жол ачат, врачтарды жаңы адистиктерди жана ыкмаларды өздөштүрүүгө умтултат. Баса, бейтаптарды дифференциялоонун электрондук системасына өтүү кыска эле убакытта ишке ашышы мүмкүн, демек, дарыгерлердин көбөйүшүнө шарт жаратат.

Мен жеке клиникалардын санын көбөйтүү абдан маанилүү деп эсептейм. Бул медициналык уюмдардын ишин жеңилдетет, кызматкерлердин айлыгы жогорулайт, материалдык-техникалык база жакшырат, дүйнөлүк медицинадагы жаңы жетишкендиктерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк жаратат. Башка жагынан алганда, атаандаштыктын жогору болушунан улам клиникалар тейлөө кызматын жакшыртууга жана алдыңкы технологияларды киргизүүгө кызыкдар болушат. Ошондо саламаттыкты сактоо тармагы улуттук экономикага интеграцияланган өз алдынча өнүккөн системага айланат.

– Сиз сунуштап жаткан түзүмдө орто статистикалык бейтапка азыраак көңүл бурулуп калбайбы?

– Кантип эле? Мунун баары ошол бейтаптар үчун жасалып жатат да. Же врачтарга дейсизби? Азыр поликлиникага келген адамдар туура дарылоо алабы-жокпу, биле алышпайт. Бизде медицина акысыз делингенине карабай, дарылануу үчүн жадакалса мамлекеттик ооруканаларда да канча каражат чыгаруу керек экенин элдин баары жакшы билет. Жеке менчик ооруканаларда бул азыраак болуп калышы да мүмкүн. Ошондуктан бул жаңы нерселердин баары акыры келип эле бейтаптар үчүн пайдалуу болот. Камсыздоочу медицинаны киргизүүдө көп тейлөөлөр таптакыр эле акысыз болот.

Бирок бул системалык өзгөртүүлөр мамлекет саламаттыкты сактоо тармагын каржылоо бюджеттен болушу керекпи же бюджеттик камсыздоо түрүндө болушу керекпи, аныктап, укуктук-ченемдик база жакшырганда гана натыйжасын берет.

Муну менен маселенин өзгөчөлүгүн жакшы билген адамдар гана алектениши керек. Эми шайлоого келе турган болсок, анда эгерде бүгүн Кыргызстандын жарандары жаш саясатчыларды, жаш адистерди тандап албаса, турмуш чындыгын кабылдай албаган мурдагы эле мамлекеттик башкаруучулар, кала берсе, баш аламандык улана берсе, анда эртең элди дарылаганга, окутканга киши калбай калат.

– Аның үчүн сөзсүз сиздерди шайлоо керекпи?

– Биринчиден, парламентте базаркомдор эмес, элдин, тармактын көйгөйлөрүн жакшы билген жана аларды чече турган адистер отурушу керек. Анан да реалдуу реформаларды ишке ашыра тургандар болушу керек. Мисалы, мен саламаттыкты сактоо системасына тиешелүү “9 кадам” аттуу программаны иштеп чыктым. Экинчиден, шайлоочулар ар кимиси жеке кызыкчылыктарын жана каалоолорун эске алуу менен гана иш тутушу керек. Ар ким өзүнө “мени жана балдарымды эртең ким, кандайча дарылайт, мен жашай турган үйлөрдү, каттай турган жолдорду кимдер курушу керек?” деген жөнөкөй суроолорду бериши керек. Мен ичип жаткан сууну ким текшерип турушу керек, эртең менин жумушум болобу, канча айлык алам, мага жана балдарыма көчөдө коопсуз жүрүүгө болобу ж.б. суроолорду өзүңүздөргө бериңиздер. Эгерде 30 жылдан бери мамлекет башкарып келаткандардан бул суроолорго жооп таба алышпаса, анда аларга дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берип шайлоонун кереги барбы деги?

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп»
Бишкек шаары, Юг-2, 9-41.
Басылган күнү 16 ноябрь 2021-ж.
«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.