
Эрежесиз эр уруш боюнча мушкер Медет Жээналиев сууга чөгүп жаткан эки окуучуну куткарам деп өзү каза болду.
Кырсык Чолпон-Атада болгон. Спортчу көлгө достору менен эс алууга барып, катуу толкундан улам сууга чөгүп жаткан кызды көрүп, жардамга чуркаган.
Жээналиев дагы эки досу менен окуучуларды куткаруу үчүн сууга секирген. Окуучуну аман-эсен алып чыгышып, тилекке каршы, Медет Жээналиев өзү чөгүп кеткен.
Суучулдар мушкердин сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.






