
Бүгүн, 15-майда бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек менен Чүй облусунда катуу шамал болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетиши ыктымал. Күн күркүрөп, ал эми шамал түштүк-чыгыш тараптан урат.
ӨКМ тургундарды мүмкүн болушунча дарактардан, чатырлардан, жарнамалык щиттерден жана электр чубалгыларынан алыс болууга чакырат






