Кашка-Сууда айдоочу беш адамды сүзүп кетти

Кашка-Сууда айдоочу беш адамды сүзүп, алар каза болду. Чүй облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 14-майда саат 18.40 чамасында болгон.

Маалыматка ылайык, «Хонда Торнео» унаасынын рулунда 2004-жылы туулган К.у.И. аттуу жаран болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жогорку ылдамдыкта бара жатып, жол кыймылынын эрежелерин одоно бузган. Айдоочу рулга ээ боло албай, жолдун жээгине чыгып кетип, ал жерде турган адамдарды сүзүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде төмөнкүлөр каза болду:

  • С.С., 1997-жылы туулган;
  • Б.А., 2024-жылы туулган;
  • А.М., 2020-жылы туулган;
  • А.А., 2022-жылы туулган;
  • Ч.Ф., 2011-жылы туулган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) боюнча катталды.

Чет элдик унаанын айдоочусу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.