Бишкек-Ош унаа жолунда автокырсыктан 7 адам көз жумду

Кара-Суу районунун Бишкек-Ош унаа жолунун 661-чакырымында “Камаз”, “Mercedes-Benz Sprinter” жана “Daewoo Nexia” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктын кесепетинен 7 жаран каза болгон (3 эркек, 4 аял), ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган (аты-жөндөрү такталууда). Учурда окуя болгон жерге КР ӨКМнин орун басары А.Мазарипов, Ош облустук башкармалыгынын башчысы п-к Н.Шаматов жана Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.