Дастан Бекешевдин үгүт иштерине окуучулар аралашкан

Талапкер Дастан Бекешевдин үгүт иштерине мектеп окуучуларын аралашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер тарабынан Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» боюнча, Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүү жүргүзүүдө.

«Тактап айтканда, талапкер Дастан Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, үгүтчүлөргө финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган. Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн. 15-ноябрь күнү талапкер Дастан Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн УКМК органдарына келди»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн КР БШКга жиберилет.